2023-жылы «Газпром» компаниялар тобу мамбюджетке 6,2 млрд сомдон ашык салык төлөдү

 2023-жылы «Газпром» компаниялар тобу мамбюджетке 6,2 млрд сомдон ашык салык төлөдү

2023-жылы Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу 6,2 млрд сомдон ашуун салык чегерди, бул 2022-жылдагы ушул көрсөткүчтөн (5,2 млрд сом) 20%га көп. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Демек, «Газпром» компаниялар тобу Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп келген мезгилде өлкөнүн бюджетине салык жана башка төлөмдөр катары 71,8 млрд сомдон ашык каражат чегерилген, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты.

Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу салыктык милдеттемелерин сөзсүз түрдө аткаруу менен улуттук экономиканы өнүктүрүүнү олуттуу түрдө колдоону улантып келет, бул Кыргызстандын финансылык туруктуулугун жана бакубатчылыгын өбөлгөлөйт.

Связанный пост