2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ата мекендик ишкерлер 145 млн сомдук зер буюмдарын чыгарышкан

 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ата мекендик ишкерлер 145 млн сомдук зер буюмдарын чыгарышкан

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ата мекендик ишкерлер 145 миллион сомдук зер буюмдарын чыгарышкан, бул 2022-жылга карата өндүрүш көлөмүнөн 5 эсеге көп. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

2024-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Зергерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

“Кыргыз Республикасынын Зергерлер күнү” кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы токтому менен бекитилген жана жыл сайын 31-январда белгиленип келет.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин, Кыргыз Республикасынын Банктар союзунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгынын, Улуттук банктын, салык консультанттарынын палатасы  өкүлдөрү Бизнес-ассоциациялардын альянсы жана ата мекендик бизнес-ассоциациялардын жана зергерчилик тармагында иштеген ишканалардын жетекчилери, зергер усталар катышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова кесиптик майрам үчүнчү жылдан бери белгиленип жатканын, бул  зергерлердин эмгегиңизди бааланып, өлкөбүздүн маданий мурасына жана экономикасына кошкон эбегейсиз салымын белгиледи. Бүгүнкү күндө зергерчилик өнөрүнүн маанисин, маданияттагы, тарыхтагы, туризмдеги маанисин белгилей алабыз.

Сандарды карай турган болсок, 2023-жылдын аягында атамекендик ишкерлер 145 миллион сомдук зер буюмдарын чыгарышкан, бул 2022-жылга карата өндүрүш көлөмүнөн 5 эсеге көп. Бул көрсөткүчтөр чек болбошу керек жана 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу мындан да жогору болушу керек», – деди министрдин орун басары.

А.Үсөнбекова белгилегендей, мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр учурда КНСти 80% арзандатуу менен төлөшөт. Ошондой эле 2022-жылы “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Жакынкы арада негизги көйгөйдү – ата мекендик зергер өндүрүшчүлөрдү сырье (алтын жана күмүш) менен камсыз кылууну чечүү боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.

Санарип доору зергерчилик тармагына инновацияларды алып келет, зергерчилик өндүрүшүнө инновациялык ыкмаларды жана технологияларды киргизет, бул жаңы креативдүү тармактарды өнүктүрүүгө жана дизайн жана өндүрүш тармагындагы техникалык деңгээлдин жогорулашына өбөлгө түзөт.

Ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөр бир орунда турбай, чет элдик көргөзмөлөргө, конференцияларга, форумдарга катышып, өздөрүнө татыктуу өндүрүштүк кадрларды даярдап жатышат.

Белгилей кетсек, зергерчилик өнөр жайынын өнүгүү жолу ар дайым татаал жолду басып, өнөр жай зергерчилик өндүрүшү Союз учурунда Кыргызстанда анча өнүккөн эмес, бирок салтты сактап, кийинки муундарга өткөрүп берген усталар ар дайым болгон.

Министрликтин жетекчилиги бул керемет өнөрдү сактоого жана өнүктүрүүгө өндүрүүчүлөрдүн кошкон салымын жогору баалайт, – деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Соңунда А.Үсөнбекова зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн атаандаштык шарттарды түзүү боюнча талкууга жана иш алып барууга, долбоорлорду алдыга жылдырууга (жаңы өндүрүш ишканаларын, жаңы жумуш орундарын түзүү), салттарды сактоого жана инновациялык ыкмаларды кубаттоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Министрликтин атынан зергерчилик тармагынын бардык өкүлдөрүнө кесипке берилгендиги жана республиканын маданий мурасына жана экономикасына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Иш-чарада өлкөнүн зергерчилик тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелер жана пландар талкууланып, зергерчилик тармагынын акыркы жылдардагы жетишкендиктери жана ийгиликтери белгиленип, зергерчилик тармагынын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Связанный пост