2023-жылдын I-кварталында салык эмес кирешелерден 12,1 млрд сом түштү
![2023-жылдын I-кварталында салык эмес кирешелерден 12,1 млрд сом түштү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/minfin-e1492514294738.jpg)
2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндө түшүүсү 12,1 млрд сомду түздү. План 172,9%га ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бюджеттин кирешелери кошумча киреше булактарын издөөнүн, ошондой эле мамлекеттин пайдасына болгон коррупциялык иштердин аныктоонун эсебинен көбөйдү. Эскертсек 2022-жылы салыктык эмес кирешелерден мамлекетке 6 млрд сом түшкөн.