Август айында МБК 9,77 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. План 104,6 пайызга аткарылды

 Август айында МБК 9,77 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. План 104,6 пайызга аткарылды

2023-жылдын август айына (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) Мамлекеттик бажы кызматы республикалык бюджетке 9,77 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. 2022-жылдын август айына салыштырмалуу түшүү 2,2 млрд сомго көбөйдү. План 104,6%га аткарылып, 783,7 млн ​​сомго ашыкча чогултулган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 68,5 млрд сомду түздү. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу түшүү 23,7 млрд сомго көбөйгөн. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,6%га аткарылган же 4,8 млрд сомго көп чогултулган.

Связанный пост