2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча КР «Газпром» тобунун салыктык чегерүүлөрү 5,3 млрд сомдон ашты

 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча КР «Газпром» тобунун салыктык чегерүүлөрү 5,3 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы «Газпром» тобу боюнча салыктык төлөмдөрдүн көлөмү 2023-жылдын 9 айында 5 млрд 364 млн сомду түздү, 2022-жылдын ушул эле мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө (3 млрд 683 млн сом) салыштырмалуу өсүш 45%ды түздү.

 Компаниялардын ишмердигинин убагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 71 млрд сомдон ашык каражат которулган, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты.

Мындай суммалар компаниялар Кыргызстанда энергоресурс рыногунун ишенимдүү катышуучулары экенин тастыктайт, алар республикага мотор, авиациялык май-отундардын жана жаратылыш газынын туруктуу ташылышын камсыздайт.

Ошондой эле «Газпром» компаниялар тобу өлкөнүн экономикасынын башка секторлорунун өсүшүн өбөлгөлөйт, финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жигердүү катышат жана Кыргызстандын жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

 

Маалымат иретинде: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында «Газпром» тобунун үч компаниясы иштейт:

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат.

«Газпром нефть Азия» ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

«Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын

жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

Связанный пост