2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн КР жараны кармалды
![2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн КР жараны кармалды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/08/0a11e72e-4b0e-4628-b301-cdddfdc50417-750x560.jpg)
КР УКМК тарабынан 2023-жылдын 17-августунда издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалганын билдирет. Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.