200 миң сом пара алып жаткан учурда Кемин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө аныкталган фактылар боюнча 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чуй облусунун Кемин районунун мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 28-августунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-б. боюнча 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы «А.А.Ж.», ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору «С.А.Т.» КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-б. боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост