16 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын сатууга тыюу салуу жана санкция берүү сунушталууда
16 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын сатууга тыюу салуу жана санкция берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («КР жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоору тууралуу депутат Улукбек Ормонов баяндама жасады. Ал белгилегендей, ушул жобону эске алуу менен укук бузуулар жөнүндө кодексинде 16 жашка чейинки балдарга жана жашы жете электерге тамеки буюмдарын сатууга тыюу салуу жана санкция берүү сунушталууда. Аны менен катар, коомдук жайларда тамеки заттарын тартууга чек коюучу өзгөртүүлөр киргизилүүдө.