16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-2-Рыбачье» поезди жүрө баштайт

 16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-2-Рыбачье» поезди жүрө баштайт

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 «Бишкек-2 – Рыбачье» багытындагы жүргүнчү поезди  каттай тургандыгын маалымдайт.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон  бар.

Бул вагонго  билетти алдын ала 2023-жылдын 12-июнунан баштап сатып алууга болот.

№608 «Бишкек-2 – Рыбачье» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Рыбачье» станциясына саат 11:42де келет.

№609 «Рыбачье – Бишкек-2» поезди «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.

Связанный пост