14-15-декабрь күндөрү президенттин катышуусунда “Мурас” достук турнири өтөт
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт.
ФОК “Газпром детям” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.
Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.
Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.
Оюндар КТРК спорт жана ЭлТР телеканалынан түз алып көрсөтүлөт.
Оюндардын графиги