13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

2022-жылдын 13-октябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт.

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16541/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу ” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.2022деги кир.№ 6-16814/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет,  Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16753/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.07.2022деги кир.№ 6-15622/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);

6. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.08.2022деги кир.№ 6-16889/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет).

Связанный пост