1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтар көрсөтүлдү

 1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтар көрсөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтарды көрсөттү.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 529,8 миң салык төлөөчүгө кызматтар онлайн түрдө, ал эми 631,7 миң салык төлөөчүгө офлайн режимде көрсөтүлдү.

Тактап айтканда, 370,4 миң салык төлөөчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымкат алуу кызматын колдонду;

  • 274,4 миң салык төлөөчү Салык төлөөчүнүн кабинетине жеткиликтүүлүктү ырастоо жана калыбына келтирүү боюнча кызмат алды;
  • 238,3 миң салык төлөөчү патентти тариздөө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча кызматтардан пайдаланган.
  • 143,9 миң салык төлөөчү каттоо, кайра каттоо жана эсептик каттоо маселелери боюнча кайрылган;
  • 64,5 миң салык төлөөчү товарларды алып кирүүнү тастыктоо же андан баш тартуу жана кыйыр салыктарды төлөө боюнча чечимдерге байланыштуу кызматтарды алган.
  • 69,8 миң салык төлөөчү башка түрдөгү кызматтарды колдонгон.

Мындан тышкары, январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору 173,5 миң салык төлөөчүгө ар түрдүү салыктык маселелер боюнча консультацияларды берди.

Связанный пост