10-сентябрга чейин Россияда жүргөн кыргыз жарандары укуктук макамын жөнгө салуусу зарыл

 10-сентябрга чейин Россияда жүргөн кыргыз жарандары укуктук макамын жөнгө салуусу зарыл

Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары миграция мыйзамдарына ылайык, 10-сентябрга чейин өзүнүн укуктук макамын алдын ала жөнгө салуусу зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, белгиленген талаптарды өз убагында аткаруу Россиянын миграциялык режимин бузуудагы терс кесепеттердин алдын алууга мүмкүндүк берет.

Министрликтен белгилешкендей, мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана ыкчам маалымат берүү максатында Кыргызстандын Россиясындагы чет өлкөдөгү мекемелери менен тыгыз өз ара аракеттешип, масштабдуу жана иреттүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле консулдук мекемелердин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандары жыш жайгашкан аймактарга үзгүлтүксүз чыгууда, россиялык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүүдө, кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, мекеме расмий интернет-ресурстар, социалдык тармактар аркылуу маалыматтык материалдар жана видеороликтер үзгүлтүксүз таратылып жатканын кошумчалады.

“Бул ишти мындан ары дагы күчөтүү максатында, Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарды кеңири камтуу үчүн Россия Федерациясына министрликтин борбордук аппаратынын кошумча кызматкерлери жиберилди. Тышкы иштер министрлиги жарандарды өздөрүнүн укуктук макамын Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык алдын ала тартипке келтирүүгө сунуштайт”, – деп билдиришти министрликтен.

Связанный пост