10 айда дээрлик 1 млн жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 10 айда аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Башкармалыктан билдиришкендей, ыкчам кеңешмеге башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев, борбордук аппараттын кызматкерлери жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери онлайн форматта катышты.

Жыйында 2025-жылдын башынан бери ЖКККББ тарабынан жалпысынан 996 миң 753 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, 139 миң 557 автоунаа убактылуу айып короо жайларына токтотулгандыгы белгилүү болду.

Азенбек Козукеев жол кырсыктары көп катталган аймак жетекчилерин сынга алып, жеринде айдоочуларга практикалык, усулдук жардам көрсөтүүнү талап кылды.

Профилактика иштерин күчөтүп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Жарандарды тейлөөдө жана кызмат көрсөтүүдө санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ишмердүүлүктү санариптештирүү, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоого карата коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларына байланыштуу бир нече тапшырмаларды берди.

Связанный пост