10 айда 17 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө ишке орношту
10 айда кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга жалпы 143 уруксат берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, уруксат алуу үчүн жалпы 206 арыз түшкөн. Анын ичинен 19 арыз ээсине баш тартып, 51 арыз кароодо турат (анын ичинен 22си төлөнгөн эмес).
Жыл башынан бери жеке ишке орноштуруу агенттиктери жалпы 17 167 жаранды ишке орноштурушту, алардын 6 957си — аялдар.
Эң көп суроо-талапка ээ болгон багыттар Улуу Британия (5 284 адам), Түркия (5 287), Германия (2 707), Болгария (1 273) жана Россия (1 463) болду. Калган жарандар Европа жана Азия өлкөлөрүндө, круиздик лайнерлерде, ошондой эле бир катар араб мамлекеттеринде ишке орношушту.
Уруксат берүү кызматтарынан республикалык бюджетке түшкөн киреше 572 миң сомду түздү.
Мындан тышкары, борбор иш берүүчүлөрдүн же ортомчулардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу 20 жаранга жалпы суммасы 1 130 603 сомду кайтарып алууга көмөк көрсөттү.