1-сентябрдан тарта окуучулар жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты менен окутулат

 1-сентябрдан тарта окуучулар жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты менен окутулат

1-сентябрдан тартып мектептерде окутуу жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Билим күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

Анда министр мугалимдер, ата-энелер жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен куттуктады. Ал бул күн жөн гана сабактардын башталышын билдирбестен, Кыргызстандын билим берүү тарыхындагы жаңы баракты да ачарын айтты.

“Бүгүн биз бүткүл билим берүү системасын жана анын негизги бөлүгүн масштабдуу трансформациялоонун башатында – 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн шарттарында биринчи окуу жылын тосуп жатабыз. Бул жыл өзгөчө – өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун жана өнүгүүгө умтулуунун жылы. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылында биз биринчи жолу билим берүү тармагында системалуу жана масштабдуу реформаларга бардык”, – деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, президенттин тапшырмасы менен биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болушат.

“Биринчи жолу быйылкы жылдан тарта жаңыланган программалар жана жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуй турган 1-2 жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук топтомдорун чыгарып жатабыз. 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери чыкты, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептерин чыгаруу иши аяктап жатат. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болушат.

Бул китептер – улуттук продукт. Алар “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында басылууда. Ар бир комплект окуу китебин, иш дептерин жана мугалим үчүн методикалык колдонмону камтыйт. Ар бир бала материалдарды ыңгайлуу колдоно алышы үчүн басылып чыккан китептер электрондук версиялары менен толукталат. Бул биздин ушундай масштабдагы алгачкы тажрыйбабыз, биз чынчылдык менен моюнга алабыз: кыйынчылыктар болот, бирок биз аларды тез арада жоюуга даярбыз”, – дейт ал.

Агартуу министри билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөрдү санап берди:

  • 1-сентябрдан тартып мектептерде окутуу жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт;
  • 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар жаңыланды;
  • Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн бардык мектептерине жаңы муундагы окуу китептери массалык түрдө жеткирилүүдө;
  • Кыска мөөнөттө масштабдуу даярдыктар көрүлдү: он миңдеген педагогдор жаңы шарттарда ишенимдүү иштөө үчүн тренингдерден жана семинарлардан өтүштү;
  • Мугалимдерге методикалык санариптик колдоо көрсөтүлүп, алардын арасында 27 миңден ашуун “Алтын Казык” ноутбуктары бөлүштүрүлдү, дагы ушунча ноутбук башка мугалимдерге жыл ичинде берилет;
  • Мугалимдерге жана ата-энелерге окутуу процессин жакшыраак көзөмөлдөөгө жардам бере турган электрондук күндөлүктөр жана санариптик платформалар түзүлдү.
  • Өлкө боюнча мектептерди оңдоо жана куруу боюнча чоң иш жүргүзүлдү, окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди, бул темп сакталат, дагы бир катар мектептер курулууда, мунун баары балдар коопсуз жана жагымдуу шарттарда окушу үчүн жасалууда.

Ошол эле маалда негизги жыйынтыктар да бар:

  • Мамлекет ар бир баланын өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн биринчи жолу окуу китептерине, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп берди.
  • 90 миңден ашуун мугалим кайра даярдоонун жана окутуунун эсебинен кесиптик жаңылоонун катышуучусу болуп калды, бүгүн алар формалдуу көрсөткүчтөргө эмес, баланын жыйынтыгына багытталган жаңы методикаларды колдонууга даяр.
  • Мектептер окуу-методикалык материалдар менен камсыз болушту, ал эми ата-энелер өз балдарынын жөндөмүн ачууга жардам берип, билим берүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн алып жатышат.

Мындан тышкары Догдуркүл Кендирбаева жаңы жылдан тартып базалык билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулай тургандыгын кошумчалады.

“Мамлекет өзүнүн ишин жасады: стандарттар, окуу китептери, программалар жана финансылар менен камсыздап берди. Мамлекет башчысы билдиргендей, жаңы жылдан тартып базалык билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы күтүлүүдө. Эми булардын баары сиздердин ар күндүк эмгегиңиздердин аркасында гана мааниге ээ болот.

Эмгегиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, балдарга болгон сүйүүңүздөргө жана аларды келечекке жетелеп барууга даяр экениңиздерге ишенем”, – деп белгиледи министр.

Ал ошол эле маалда жаңы мектептерди куруу милдети турганын да айтып өттү.

“Соңку жылдары активдүү курулуш башталганы үчүн министрлер кабинетине ыраазычылык билдиребиз, бирок айрыкча Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларын тез чечимдерге муктаж болуп турганын өзгөчө баса белгилеп кетким келет.

Агартуу министрлиги мэрияны жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин жаңы турак жай комплекстерин куруп жатканда мектептер менен бала бакчалардын курулушун камтый кетүүгө чакырат. Жаңы имараттарды курууга мүмкүн болбогон жерлерде иштеп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруу керек. Ушинтип гана биз ашыкча толгон класстардын көйгөйүнөн арыла алабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады агартуу министри.

Связанный пост