1-сентябрдан баштап Кара-Кечеден көмүр тартылат

 1-сентябрдан баштап Кара-Кечеден көмүр тартылат
Учурда Кара-Кече көмүр кесиминде «Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалы тарабынан көмүр отунун казып даярдоо иштери жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан социалдык обьектилерге көмүр тартуу иштери башталат.
Көмүр казуунун абалын КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жеринде көрдү. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Ашырбаев менен жеринде сүйлөшүп, шарты катаал Нарын облусун көмүр отуну менен биринчи камсыздап берүү, көмүр тарткан автоунааларды карьерге жумасына эки ирет кезексиз киргизүү жана башка өтүнүчтөрүн айтты.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Ашырбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө карьерде аталган ишкананын техникалары (85 хова, 17 эксковатор, 7 погрузчик, 2 бульдозер) тынымсыз иштеп жатат.

Связанный пост