1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга өзгөрөт

 1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга өзгөрөт
Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.

Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган документке ылайык электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с.

Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.

Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат.

Белгилей кетүү керек, КМШ өлкөлөрүнүн жана дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн ичинен калк үчүн эң арзан электр энергиясы – Кыргызстанда. Өлкөбүз суу-энергетикалык ресурстарга бай болгону менен, бүгүнкү күндө кыйынчылыктарга туш болууда, атап айтсак, электр энергиясына болгон ички суроо-талапты жаба албай жатат жана аны импорттоого аргасыз болууда.

Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр Советтер Союзунан бери алмаштырыла элек энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет. Иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанцияларды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эскирген абалда калууда.

Тарифтерди жогорулатуунун натыйжасында алынган каражаттар эскирген жабдууларды модернизациялоого багытталат. Бул өз кезегинде энергетика объекттериндеги аварияларды жана системалуу өчүрүүлөрдү алдын алууга мүмкүндүк берет.

Төмөндө электр энергиясын керектөөчүлөр үчүн өзгөртүүлөр киргизилгенге чейинки жана андан кийинки тарифтин көрсөткүчү келтирилген.

Керектөөчүлөр 1 кВт.с үчүн болгон 01.05.2023-ж. тартып 

1 кВт.с үчүн 

болот

Жогорулоо/Төмөндөө 
Калк 0,77 сом

лимит – 700 кВт.с

1,0 сом

лимит – 700 кВт.с

+ 0,23 сом 
лимиттен жогору

2,16 сом

лимиттен жогору

2,16 сом

Бийик тоолуу аймактар 0,77 сом

лимитсиз

1,0 сом 

лимитсиз

+ 0,23 сом
Аз камсыз болгон 

үйбүлөлөр 

(Эмгексоцминдин тизмеси боюнча)

0,50 сом

лимит – 700 кВтч

0,50 сом

лимит – 700 кВтч

0,0 сом
лимиттен жогору

2,16 сом

лимиттен

жогору

2,16 сом

Калк үчүн чектөөсүз 

тариф

5,04 сом 3,28 сом – 1,76 сом 
Бюджеттик керектөөчүлөр 3,40 сом 3,40 сом 0,0 сом
Айыл чарба, өнөр жай жана башка керектөөчүлөр 2,52 сом 2,87 сом + 0,35 сом
Насостук станциялар  1,095 сом 1,247 сом + 0,15 сом 
Социалдык, диний уюмдар жана жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспорту 1,68 сом 1,91 сом + 0,23 сом 
Цемент заводдору 3,28 сом 3,28 сом 0,0 сом
Майнинг субъекттери, алтын ылгоочу фабрикалар, куюучу, эритүүчү цехтер, алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча ишканалар 5,04 сом 5,04 сом 0,0 сом
Керектөөчүлөрдүн жаңы категориясы
23 кВт чейин белгиленген кубаттуулуктагы электр мобилдери үчүн кубаттоо станциялары (жай кубаттоо) 2,87 сом 
Электр мобилдери үчүн кубаттоо станциялары (кубаттуулукту чектөөсүз) 4,42 сом

Связанный пост