1-майдан тарта эски үлгүдөгү долларды алмаштырууда комиссия алынат

 1-майдан тарта эски үлгүдөгү долларды алмаштырууда комиссия алынат

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

Мындан ары коммерциялык банктардан, акча алмашуу бюролорунан эски үлгүдөгү АКШ долларын алмаштырууда комиссия алынат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Анда 2025-жылдын 19-мартында “Кыргыз Республикасында накталай төлөм аркылуу чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөр киргизилгени айтылат. Бул мыйзам 1-майдан тарта күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары тууралуу сөз болууда. Ал төлөм каражаты катары статусун жоготкон жок.

Ошол эле учурда, комиссиянын көлөмү негиздүү болушу керек, жогоруда көрсөтүлгөн акчанын экспорту менен байланышкан чыгымдар эске алынып, акталууга тийиш.

Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланган: www.nbkr.kg/

Связанный пост