1-класска электрондук каттоо: Бир айда 63 миңден ашуун бала кабыл алынды
Кыргызстанда 8-майга карата 63 миң 144 бала электрондук түрдө 1-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнөн билдиришти.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
- Ош облусу – 12 526;
- Жалал-Абад облусу – 12 353;
- Чүй облусу – 9 519;
- Баткен облусу – 7 529;
- Ысык- Көл облусу – 5 794;
- Нарын облусу – 3 848;
- Талас облусу – 3 393;
- Бишкек шаары – 6 238;
- Ош шаары – 1 944.
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы 8-апрелде башталган.