1-июлда Ала-Тоо аянтында 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат
2023-жылдын 1-июлу бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн өтө маанилүү окуя менен эсте калаары шексиз – бул күнү Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт.
Бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат.
Негизги байгелерден тышкары, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат.
Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот. Алардын арасында Кайрат Примбердиев, Каныкей, “Инсан” тобу, Эркин Мукашев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова, Баястан, Абир Касенов сыяктуу белгилүү ырчылар бар. Алардын аткаруулары иш-чараны сыйкырдуу унутулгус музыкалык көз ирмемдерге толтурат.
Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун бул шаңдуу иш-чарага катышууга жана 10 электромобилди жана чет өлкөгө 3 жолдомону утуп алган бактылуу адамдардын ысымын билүү үчүн лотереянын ойнотулушуна күбө болууга чакырабыз.
Иш-чара саат 19:00дө башталат.
20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, лотерея 26-июндан 30-июнга чейин өткөрүлүүдө, миңдеген бактылуу адамдар баалуу белектердин ээси болууда.
Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.