1-апрелден баштап бардык бажы органдарында электрондук документ жүгүртүү системасы иштей баштайт

 1-апрелден баштап бардык бажы органдарында электрондук документ жүгүртүү системасы иштей баштайт

1-апрелден баштап бардык бажы органдарында электрондук документ жүгүртүү системасы иштей баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул система борбордук аппаратта гана жер-жерлерде иштесе, азыр бардык жерде ишке ашырылды.

“Ал 1-апрелден тарта толук кандуу иштей баштайт. Укук коргоо органдарынын өзүнүн инфодокс системасы бар, биз да ага кошулдук. Эми бизде өлкөнүн бардык бажы органдарында документ жүгүртүүнү алыстан көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Муну менен катар Токтом системасына окшош системаны ишке киргизип жатабыз, бардык буйрутмалар ошол жерде болот”, – деди ал.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрөгасы белгилегендей, бул система убакытты жана акчаны бир нече эсе кыскартат, анткени бардык документтер электрондук түрдө болуп, булуттагы электрондук кол тамга колдонулат.

Связанный пост