№13 округда кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады

 №13 округда кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинен эркектер – 21, аялдар – 10.

Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 1-мартта өтөт.

Связанный пост