Өзгөндө милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

 Өзгөндө милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Өзгөн районунда милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 3-январында Өзгөн РИИБдин Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, физикалык зомбулук колдонушкан. Натыйжада А.Б. аттуу жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, УКМКнын облустук башкармалыгынын тергөө башкармалыгына тергөө жүргүзүү үчүн жиберилген.

Учурда милициянын үч кызматкери С.Х., А.А, И.К кармалып, сот тарабынган 2 айга камакка алынган, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши Ош облустук прокуратурасы тарабынан көзөмөлгө алынып, жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилген, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иштин жыйынтыгы мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.

Связанный пост