Өзгөндө экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген жаран кармалды

 Өзгөндө экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген жаран кармалды

Өзгөндө экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте экстремизмге каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Тiк Ток” социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучусу фейк аккаунту аркылуу экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат катталган.

Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Джамаат Таухид-ва Джихад” экстремисттик уюмуна таандык экендиги боюнча корутунуду чыккан.

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1990-жылы туулган Х.Б. аттуу тургуну камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Связанный пост