Өзгөн районунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Өзгөн районунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн саат 08:25те Ош облусунун Өзгөн районунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Сейсмология институтунун берген такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.

 

Жер титирөө Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга (Кароол айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Мырза-Арык айылынан 3 чакырым чыгышка, Чымбай айылынан 5 чакырым түштүк батышта, Куршаб айылынан 7 чакырым түштүк батышта, Салам-Алик айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

 

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост