Өткөн жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 25% төмөндөдү

 Өткөн жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 25% төмөндөдү

2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 18 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси Эсенбек Эргешов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга бир нече фактор негиз болду. Биринчидин кыргыз сомунун күчүнө кириши, социалдык-экономиканын стабилдүүлүккө жетиши, муну менен катар айрым өлкөлөрдөгү миграциялык мыйзамдардын күчөшү.

Ал эми Кыргызстанда жумушсуздардын саны үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 25 пайызга төмөндөдү. 2023-жылы өлкөдө 67 миң адам жумушсуз деп расмий катталса, өткөң жылы алардын саны 50 миң адамды түздү.

“Тагыраагы, 2023-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2,9 пайызды түзсө, былтыр көрсөткүч 1,8 пайызды түздү. Калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында элди жумуш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды”,-деди ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы белгилегендей, буга министрликтин “Социалдык контракт” программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке бизнесин ачып, туруктуу киреше менен гана чектелбестен, өздөрү да жумуш орундарын түзө баштаганы да жакшы өбөлгө болууда.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост