Өткөн жылы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту дээрлик 6 млн сом киреше тапты

2024-жылы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту дээрлик 6 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган институттун директору,айыл чарба илимдеринин доктору Биржан Усубалиев билдирди.
Анын айтымында, институтка соңку жылдары Айыл чарба министрлигинен жакшы колдоо көрсөтүүлүдө. Анын натыйжасында Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту жакшы киреше алып келүүдө.
“Быйыл дагы Айыл чарба министрлиги бизге 2 млн сом бөлүп берди. Анын 1 млн 300 миң сомуна институтка жаңы техникалар сатылып алынат. Ал эми калган каражат институттун оңдоп-түзөө ишерине жумшалат. Буюрса, Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту өнүгүү жолуна түшүүдө”,-деди ал.