Өткөн жылы фитосанитардык талаптарды бузуу боюнча 35 факт катталды
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 12 айдын жыйынтыгы боюнча фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 35 фитосанитардык талаптарды бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпысынан 562,5 тоннаны, анын ичинен 70 миң 515 даана көчөттөр, 11 миң 387 даана гүл, 136 куб метр пиломатериалдар болгон.
Алардын кайсы өлкөдөн келгенин бөлүп карай турган болсок:
- Казакстан – 15 факты;
- Россия – 5 факты;
- Өзбекстан – 7 факты;
- Кытай – 4 факты;
- Тажикстан – 1 факты;
- АКШ – 1 факты;
- Монголия – 1 факты;
- Нидерланддар – 1 факты.
Фитосанитардык талаптарды бузган товарларга карата кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу сыяктуу фитосанитардык чаралар көрүлгөн. Ошондой эле Кытай жана Нидерланддар мамлекетине дипломатиялык каналдар аркылуу нота жиберилген.