“Ак-Тилек-автожол” КӨЖнын алдында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил автоунаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жук ташуучу автоунаалардан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөндүгүн маалымдайт.
Анткен менен, өткөрүү жайларында өткөрүү жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда көрүлгөнүнө карабастан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу байкалууда.
Алсак, 2023-жылдын 23-октябрында саат 12:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖнын алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынана да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат.