Өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелери эскертилди

Өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелери эскертилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма-сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Ынтымак 2” сейилдөөчү жайында эс алып жүргөн жарандарга жол кыймылынын эрежелерин эскертип, жол кырсыктардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда, өлкө аймагында катталып жаткан жол кырсыктары, анын келип чыгуу себептери боюнча атайын даярдалган видео тасма коюлуп, ошонун тегерегинде суроо-жооптер менен талкуулар орун алды. Ошондой эле ошол сейилдөөчү эс алуу жайында велосипед, самакат өңдүү каражаттар менен катышкан кокустуктарга карата түшүндурүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда жаш өспүрүмдөрга жана эс алуучуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан ичүүчү суулар таратылды.

Связанный пост