Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жыйноого жана пайдаланууга убактылуу тыюу салынды
Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 токтомду кабыл алып, айрым өсүмдүктөрдү 2027-жылдын 1-январына чейин пайдаланууга мораторий киргизди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, тыюу салынган өсүмдүктөрдүн катарына макротомия, арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд өчпөс гүлү, Ольга жөө желими, узун мамычалуу жөө желим, мамычалуу жөө желим, Чимган жөө желими кирет.
Эми бул өсүмдүктөрдү:
• жыйноого жана даярдоого,
• сатып алууга жана сатууга,
• ташууга жана пайдаланууга,
• экспорттоого тыюу салынды.
Мындай чара жапайы өсүмдүктөрдүн запасын сактоо, алардын тамырларынын, пияздарынын жана түптөгү бөлүктөрүнүн азайышын алдын алуу жана жаратылыш чөйрөсүн коргоо максатында кабыл алынган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги токтомду аткарууну камсыздап, уруксат кагаздарын берүү токтотулганын билдирди.