Өрттөнгөн мектептин окуучулары заманбап имаратта билимин улантат

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылындагы өрт кырсыгы болгон Кебек Мамаев атындагы орто мектептен кабар алды.

Белгисиз жагдайда билим берүү мекемеси толугу менен күйүп кеткен, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда тез арада аймактагы билим берүү инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча жеринде талкууланды.

Эльчибек Джантаев өрттөлгөн билим уясынын жанына курулуп жаткан эки кабаттуу жаңы мектеп имаратын курууну тездетүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Айылдын мектеп жамааты жана калкы менен болгон жолугушууда ар бир адамды сабырдуулукка чакырып, жаңы окуу жылында балдардын билим алуусунда эч кандай тыныгуу болбостугун баса белгиледи. Ошондой эле жаңы мектептин курулушу өлкө башчысы Садыр Нургожоевичтин тыкыр көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Облус жетекчиси мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн өрттүн келип чыгуу себептеин аныктоо жана келтирилген зыянды эсептөө иштерин тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.

“Бул мектептин курулушун эртерээк бүтүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Куруучулардын санын көбөйтүп, жаңы окуу жылына сапаттуу жана кыска мөөнөттө жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Өрттөлгөн мектепти калыбына келтирсе болот, эч ким жабыркабаганына шүгүр келтирип, бардык күчүбүздү жаңы мектеп курууга жумшоо учур талабы. Окуучуларыбыздын билим алуусу үзгүлтүккө учурабайт жана жергиликтүүлөргө кубаныч тартуулаган заманбап билим берүү мекемесин калыбына келтиребиз.», – деди Эльчибек Джантаев.

Кызыл-Жардын жамааты жана тургундары Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечкиндүү иш-аракеттери жана бардык балдардын коопсуз жана сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүнү эртелетүү демилгеси үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Связанный пост