Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары бекитилди

Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана өрттөн келип чыккан материалдык зыянды азайтуу, адамдарга өрт жөнүндө өз убагында кабарлоо жана аларды ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн өрттөн коргоо максатында кабыл алынган.
Токтомдо Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери жана өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системалары менен коргоого тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмеси бекитилген.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, уюмдарга ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүүсү тапшырылды
Бул токтомду ишке ашыруудан келип чыгуучу иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.