Өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруу аземинде майрамга чогулган элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

 Өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруу аземинде майрамга чогулган элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

14-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орун алган өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруу аземинде майрамга чогулган элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Мэриядан билдиришкендей, салтанаттуу майрамга 10 миңге чукул шаар тургундары жана коноктору чогулду. Быйыл Ала-Тоо аянты чыныгы кышкы жомокко айланган. Жөө жүрүү аймагы кеңейтилип, анда шаар тургундары үчүн уникалдуу жайлар – Санта Клаус жана Аяз ата үйү орнотулду, мында балдар жана чоңдор өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтып, сүйүктүү каармандары менен сүрөткө түшө алышат. Кичинекей балдар үчүн чыныгы кубанычка айланган муз тебүүчү аянтча да орнотулган.

Майрамдык атмосфераны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир дем алыш күндөрү үйлөмө аспаптар оркестри аянтта концерт коюп, ошондой эле күн сайын аниматорлор, балдар жана алардын ата-энелери үчүн спектаклдер көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянтында 14-январга чейин күн сайын майрамдык иш-чаралар өтөт.

Связанный пост