Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 2025-жылдын 26-28-март күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.