Өлкөнүн интернаттарында балдардын 5% гана ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандар
Өлкөнүн интернаттарында балдардын 5% гана ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Республикада бардыгы болуп 137 интернаттык мекеме катталган, аларда 9900 бала жашайт.
Алардын 5% гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү бар.
Жыл сайын орто эсеп менен 180 интернаттын окуучулары орто мектепти аякташат, алардын үчтөн экиси 11-класска чейин окуп чыгышат.