Өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрү кызматтык унаалар менен камсыздалды

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен өлкөнүн бардык 232 айыл өкмөтү жаңы кызматтык унаалар менен толук камсыздалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Бул көрүнүш – мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин аймактарга мындай деңгээлдеги колдоо көрсөтүлгөн эмес”, – деп жазды ал.