Өлкөнүн аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөтүлдү

 Өлкөнүн аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөтүлгөнүн маалымдайт.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
Мындан тышкары, эгерде бул субъекттер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, анда 2026-жылдын 1-январынан тартып алар бир гана бирдиктүү салык режиминин алкагында иш жүргүзө алышат.
Чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткан салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү тууралуу арыз тапшырууга милдеттүү.
Бул учурда көрсөтүлгөн салык режимине ылайык салыктарды төлөө арыз берилген күнүнө карабастан, белгиленген мөөнөттүн чегинде 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, Салык кодексине бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык киргизилген.
Кабыл алынган Мыйзам салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, салык салуунун ачык жана бирдиктүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоосун жана эл аралык ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү стимулдаштырууга багытталган.

Связанный пост