Өлкөгө талапка жооп бербеген 14 тонна унду киргизүүгө аракет кылышкан

Казакстандан Кыргызстанга талапка жооп бербеген 14 тонна унду киргизүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Күн мурун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Чоң Капка” өткөрүү пунктуна жакын “Жыйынды постунда” текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 14 тонна ун карантиндик фитосанитардык талаптарга жооп бербей турганы аныкталды.
Тактап айтканда, фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар менен жүктүн транспорттук документтериндеги маалыматтардын дал келбегендиги белгилүү болгон.
Натыйжада мыйзам бузууларга байланыштуу жүк кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.