Өлкөгө алынып келинген дарбыз, коондун сапатын көзөмөлдөө күчөтүлдү

 Өлкөгө алынып келинген дарбыз, коондун сапатын көзөмөлдөө күчөтүлдү

Импорттолгон бакча өсүмдүктөрүнүн сапатын көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо, ошондой эле нитраттардын жана пестициддердин калдыктарын текшерүү боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Кыргызстандын аймагына кирген ар бир партия лабораториялар текшерүүдөн өтөт. Карантиндик зыяндуу заттар жок экендигин, нитраттардын жана пестициддердин калдыктарынын деңгээли нормадан ашпаганын тастыктаган учурда гана продукцияны киргизүүгө уруксат берилет.

Коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өлкөгө киргизүүгө жана сатууга тыюу салынат.

“Департамент импорттоочулар жана бажы органдары менен үзгүлтүксүз кызматташып, ички рынокко сапаттуу жана коопсуз продукция гана жеткирилип турушун камсыз кылууда”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост