Өлкөгө 4 млн сомдук iPhone 18 телефондору мыйзамсыз алып келинген

 Өлкөгө 4 млн сомдук iPhone 18 телефондору мыйзамсыз алып келинген

“Манас” бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, Дубай – Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүнүн багажы жана кол жүгү кайрадан текшерилип, iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефондор табылган. Алардын жалпы баасы 3 млн 923 миң 150 сомду түзгөн.

Жарандын түшүндүрмөсүнө ылайык, телефондор Дубайдан Бишкекте сатуу үчүн алынган. Бирок ЕАЭБ аймагында бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтер болгон эмес.

Телефондор иштин бардык жагдайлары аныкталганга чейин алынган. Материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Связанный пост