Өлкөдөгү мектептердин 98,6%ы интернетке туташылган
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 98,6%ы интернетке туташтырылган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.
Маалыматка ылайык, быйыл Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү системасын санариптештирүүгө өзгөчө басым жасалып, бир катар автоматташтырылган маалыматтык системалар — “Күндөлүк”, “Мугалим”, “Мектеп инфраструктурасы”, “Мектеп”, “Санарип аттестат” платформалары ийгиликтүү ишке киргизилген.
Бул мугалимдердин кагаз ишин бир топ кыскартып, билим берүү процессин ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзүүдө.
Ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө да көңүл бурулууда. Айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү же ар кандай себептерден улам мектепке бара албаган балдар үчүн шарттар кеңейип жатат. 2025-жылы түзүлгөн “Тунгуч” онлайн мектеби чет өлкөдө жашаган окуучуларга жана өзгөчө билим берүүгө муктаж балдарга билим берүү системасына жетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Учурда аталган мектепте 47 мугалим 2 миң 375 окуучуну бардык предметтер боюнча окутуп жатат.
Булак “Кабар” агенттиги