Өлкөдөгү үч майнинг компаниянын сертификаттары жокко чыгарылды
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы үч майнинг компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн сертификаттарын жокко чыгарды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому менен бекитилген Майнинг ишмердүүлүгү боюнча сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине ылайык жана ФМК жөнүндө жобонун 13-пунктуна (2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому) ылайык, төмөнкү юридикалык жактардын сертификаттары 2025-жылдын 13-ноябрындагы №623-п буйругу менен жокко чыгарылды:
“ВиНЭТ” ЖЧК;
“Спецэнергомонтаж Кара-Балта” ЖЧК;
“Бай Лидер” ЖЧК.