Өлкөдө жыл башынан бери 347 млрд сомдон ашык насыя чегерилди

Өлкөдө жыл башынан бери 347 млрд сомдон ашык насыя чегерилди. Бул тууралуу Улуттук банктын финансылык сабаттуулук боюнча тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кредиттер өнөр жай, айыл-чарба, транспорт, байланыш, сатуу, курулуш жана ипотека үчүн берилген. Ал эми кредиттин эң көп суммасы 103 млрд сомду түзгөн.
“Өлкөдө насыя алуучулардын саны 1,5 миллиондон ашты. Муну менен ар бир экинчи жаран насыя алган деп айтууга болот. Кредит экономиканын өсүшүнө, максаттарды, кыялдарды тез арада ишке ашырганга чоң жардам бергендиктен суроо-талап жогору. Кандайдыр бир финансылык максатыңыз болсо, ага жылдап даярданып отурбай, аны дароо ишке ашырууга жардам берет”,-деди ал.
Мусуралиев белгилегендей, муну менен катар бүгүнкү күндө суммасы аз онлайн кредит алган кардарлардын да саны арбыды.
“Муну керектөөчү кредит деп коет. Буга үйгө керектүү жабдуулар кирет. Уюлдук телефон, муздаткыч, телевизор сыяктуу буюмдар”,-деди ал.