Өлкөдө жыл аягына чейин жол эрежесин бузууну каттаган бардык видеокамералар ишке кирет

 Өлкөдө жыл аягына чейин жол эрежесин бузууну каттаган бардык видеокамералар ишке кирет

Жыл аягына чейин Кыргызстан боюнча жол эрежелерин бузуу фактыларын каттаган бардык видеокамералар иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын фото жана видеого тартуу үчүн 90 стационардык жана 20 мобилдик аппараттык-программалык тутумдар орнотулду.

Видеокамералар төмөнкү жолдорго жайгаштырылган:

  • Бишкек — Ош жолу,
  • Бишкек — Чалдовар жолу,
  • Бишкек — Нарын — Торугарт жолу,
  • Бишкек — «Манас» эл аралык аэропортуна кетүүчү жол,
  • Бишкек — «Ак-Жол» чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту.

Мындан тышкары, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кошумча 16 “Ураган” аппараттык-программалык комплекси орнотулган.

Учурда мындай жабдыктар Ысык-Көл облусунун аймагына да орнотулууда.

Связанный пост