Өлкөдө жалпы 11 аэропорт бар, анын бешөө эл аралык

Өлкөдө жалпы 11 аэропорт бар, анын ичинен бешөө эл аралык. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, ал эми калган алтоо аймактык аэропорттор. Бүгүнкү күндө каттамдардын 70 пайызын эл аралык каттамдар түзсө, 30 пайызын ички каттамдар түзөт.
“Учурда өлкөнүн бардык аэропортторунда оңдоо-түздөө иштери жүрүп жатат. Аэропорттордун баарында жумушчулар үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Авиация тармагында иштегиси келген, бардык жарандарды аймактагы аэропортторго жумушка чакырабыз. Айлык маяналары дагы буюрса шаардыкындай болот”, – деди ал.