Өлкөдө жай мезгилинде электр энергиясын керектөө рекорддук чекке жетти

22-июлда Кыргызстандын энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 44 млн 124 миң кВт/с деңгээлине жетти. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтан билдиришти.
Анын маалыматына караганда, бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. 2024-жылдын 22-июлунда бул көрсөткүч 36 миллиондун тегерегинде болгон.
“Керектөөнүн өсүшүнө ысык аба ырайынан улам кондиционерлердин жана муздаткыч жабдыктардын көп колдонулушу себеп болууда. Ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы, көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши дагы кошумча жүк болууда”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда өлкөнүн энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле маалда энергетиктер жогорку жүктөм шартында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүшүүдө.
Компания жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын убагында өчүрүп туруу жана электр энергиясына этият мамиле кылуу аркылуу ар бир жаран энергосистеманын туруктуу иштешине салым кошо ала турганын эскертет.