Өлкөдө ушул жылдын март айында мунай иштетүүчү завод ишке кирет

 Өлкөдө ушул жылдын март айында мунай иштетүүчү завод ишке кирет

Кыргызстанда быйыл жазында мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуЭнергетика министрлигине караштуу энергетикалык ишканалар менен мекемелердин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, «Түндүк Сох» жана «Чоңгара Гүлчө» кендеринде мунай жана газды казып алуу үчүн №2 лицензиялык келишим алынган. «Кыргыз-Түрк К-Нефтегаз» ААК жана «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте мунай скважиналарында оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 95%га бүттү.

Белгиленгендей, заводду толук ишке киргизүү 2025-жылдын март айына пландаштырылган. Учурда 7 скважинадан нефть чыгарылып жатат. Бүгүнкү күндө 200 тонна мунай өндүрүлдү. Учурда 42 кызматкер эмгектенет. Долбоор толук ишке киргенден кийин 350-400 жумушчу орун түзүлөт.

Связанный пост