Өлкөдө туристтик кызмат көрсөтүү 2019-жылдан бери 3 эсеге өстү

 Өлкөдө туристтик кызмат көрсөтүү 2019-жылдан бери 3 эсеге өстү

Экономика жана коммерция министрлиги менен 2ГИС кызматы жасаган анализдерге ылайык, 2025-жылдын август айынын аягында курорттук сезондун жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн жээгиндеги туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2019-жылы Ысык-Көл облусунда 360 коомдук тамактануу жай иштеген болсо, 2025-жылдагы сезон соңуна карата алардын саны 963кө жеткен.

Эң көп жайлар Караколдо — 170, Чолпон-Атада — 157, Бостериде — 142, Балыкчыда — 84.

Кафе жана ресторандардын санынын дээрлик үч эсеге өсүшү туристтердин аймактын ар түрдүү ашканасына болгон кызыгуусунун артканын жана жергиликтүү гастрономиялык туризмдин өнүгүп жатканын көрсөтөт.

Жайгаштыруу тармагында да оң динамика байкалууда. 2019-жылы региондо 627 мейманкана жана конок үйлөрү иштеген болсо, 2025-жылга карата алардын саны 1833кө жеткен.

Жайгаштыруу объектилеринин эң көбү Чолпон-Атада — 377, Бостериде — 336, Караколдо — 196, Балыкчыда — 27.

Лидердик позициясын Чолпон-Ата жана Бостери сактап, Ысык-Көлдүн негизги туристтик борборлору катары өз ордун бекемдеди.

Финансы инфраструктурасы тууралуу айта кетсек, маалыматтар туризмдеги өсүш менен катар өнүгүп жатканын көрсөтөт. 2019-жылы региондо 219 банкомат жана банктык тейлөө пункту иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 313кө жеткен.

Шаарлар боюнча: Каракол — 100, Чолпон-Ата — 38, Бостери — 10, Балыкчы — 40.

Экономика министрлиги менен 2ГИСтин биргелешкен талдоосу туризм чакан жана орто бизнестин күчтүү кыймылдаткычы болуп жатканын, аймактык экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көл облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын тастыктайт.

Белгиленгендей, туризм Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарынын бири бойдон калууда. Ал аймактарды өнүктүрүүдө жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ысык-Көл облусу салттуу түрдө өлкөнүн негизги эс алуу жана туризм борбору болуп саналат.

Связанный пост